最近搜索
Сагындым - Өмүрбек Андарбеков&Tamga 《Сагындым》 HQ SQ
更新时间:2025-06-03 13:13:59
文件格式:mp3
音乐下载
被下架或封杀等部分试听资源与网盘资源可能不一致,请以网盘资源为准
标签
歌词

Байкоосуздан сага кабылдым

Кайдан жүрүп, мага табылдың

Элестериң бура бастырбай

Ээлеп алдың баарын жанымдын

А-а-ай, бирге жүргөн күн

О-о-ой, кайра кайрылгын

Көргүм келип, абдан сагындым

Көргүм келип, абдан сагындым

Эстеп көргүн ошол күндөрдү

Биз өткөргөн айлуу түндөрдү

Кол кармашып, өрдөп коктуну

Ушул ойноп терген гүлдөрдү

Ызгар күндүн салкын шүдүрүмү

Болдуң сен мага жамгыр себелей

Гүл бакчамдын жаркыган күнү болдуң

Нурларыңа мен бөлөнүп, а эркелей

Күүгүмдөгү Чолпон жылдызым

Жүрөгүм тандаган жан дүйнө ырысым

Көргүм келип сени мен жалгыз

Сагындым, о

А-а-ай, бирге жүргөн күн

О-о-ой, кайра кайрылгын

Көргүм келип, абдан сагындым

Көргүм келип, абдан сагындым

Аз күнчөлүк бакыт мен үчүн

Албан аалам, өмүр алп үчүн

Мейли жашоо, мейли эмгекте

Болчу, жаным бирге, сен түшүм

Элестердин эң көркөмү

Бирге биз жүргөн күндөрүбүз

Эстегеним менин экөөбүздүн бир

Соккон эгиздей кош жүрөгүбүз

Күүгүмдөгү Чолпон жылдызым

Жүрөгүм тандаган жан дүйнө ырысым

Көргүм келип сени мен жалгыз

Сагындым, о

А-а-ай, бирге жүргөн күн

О-о-ой, кайра кайрылгын

Көргүм келип, абдан сагындым

Көргүм келип, абдан сагындым

А-а-ай, бирге жүргөн күн

О-о-ой, кайра кайрылгын

Көргүм келип, абдан сагындым

Көргүм келип, абдан сагындым

Көргүм келип, абдан сагындым

Көргүм келип, абдан сагындым